Бүгүн, 5-апрель саат 10:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 3 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.
СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 жаӊы учур тең Бишкек шаарынан.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 147ге жетти. Алардын ичинен 8 адам айыгып, бирөө каза болду.
СOVID-19 вирусу аныкталган 147 учурдун аймактарга карата бөлүнүшү:
- Бишкек – 20;
- Ош облусунда – 47;
- Баткен облусунда – 3;
- Жалал-Абад облусунда – 67;
- Чуй облусунда – 4;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Нарын облусунда – 4.