Биз менен байланышыңыз

Новосибирск: аэропорттогу 132 кыргызстандык мейманканага жайгаштырылды

Кыска кабар | 3 Апр 2020 | 1366 | 0

Кыргызстандын 132 жараны жакынкы чартердик каттамга чейин Новосибирсктин мейманканаларына жайгаштырылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Башкы консулдук Мамлекеттик миграция кызматынын Сибирь федералдык округундагы өкүлчүлүгү менен биргеликте Новосибирсктин “Толмачево” эл аралык аэропортунда учуп кетүүнү күтүп жаткан 132 кыргызстандыкты жайгаштыруу маселесин чечти.

Алар жакынкы убакытта чартердик каттамды уюштурганга чейин Новосибирск шаарынын мейманканаларында жайгаштырылды.

Жашагандыгы жана азык-түлүктөр катары тамактанууну төлөө Кыргызстандагы миграция боюнча эл аралык уюмдун миссиясы тарабынан ишке ашырылды.

Өз кезегинде, Новосибирск облусундагы кыргыз диаспорасы транспорт жана ысык тамак менен камсыз кылууга көмөк көрсөттү.

Белгилей кетсек, 31-март саат 20.00дөн тартып Новосибирск облусунун аймагында өзүн-өзү изоляцияга алуу тартиби киргизилип, белгилүү категориядан башкасын кошпогондо, жарандардын жүрүшүнө жана уюмдардын ишине тыюу салынган.

Copyright © 2017 Maral FM