Биз менен байланышыңыз

Пакистанда үч кыргызстандыкта коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 1704 | 0

Пакистандын Абботабад шаарында Кыргызстандын 1950, 1952, 1959-жылы туулган үч жараны Covid-19 вирусун жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир Орусиянын жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн.

Азыркы учурда ооругандардын бирөөсү ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бардыгынын ден соолугунун абалы туруктуу деп бааланууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы Элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган эмес.

Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен дайыма байланышып турууда.

Copyright © 2017 Maral FM