Биз менен байланышыңыз

2-апрель: Дагы 5 адамдан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 5521 | 0

Бүгүн, 2-апрель саат 9.00гө карата Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 5 жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин штабынын башчысынын орун басары Касымбек Мамбетов маалымдады.

Анын айтуусуна караганда, Кыргызстан боюнча жалпы коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 116 кишиге жетти.

Коронавирус жуктуруунун 5 жаӊы учурунун аймактарга карата бөлүнүшү:
Ош шаары – 1;
Ноокат району – 1;
Баткен облусу (Кызыл-Кыя шаары) – 2.

Коронавирус Кыргызстанда пайда болгондон бери жалпы 9618 адамга изилдөө жүргүзүлсө, бир суткада 1008 изилдөө жүргүзүлгөн.

Учурда өлкө боюнча 1708 адам обсервацияда жатат.

Ошондой эле учурда беш киши жандандыруу бөлүмүндө жатат. Алардын ичинен 2 киши Ноокатта, 2 киши Ошто,бирөө Жалал-Абадда. Алардын ичинен жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган эки адамдын абалы оор.

Ала-Букада эки жаран коронавирустан айыкты

Copyright © 2017 Maral FM