Биз менен байланышыңыз

Ала-Букада эки жаран коронавирустан айыкты

Кыска кабар | 2 Апр 2020 | 764 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда 2 адам COVID-19 коронавирусунан айыкты. Бир аял жана эркек киши ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирустан жалпы 5 адам айыкты. Алардын баары Жалал-Абад облусунда катталгандар болуп саналат.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирустун жалпы катталган учуру – 116. Алардын ичинен:
• Жалал-Абад облусунда – 54;
• Ош облусунда – 30;
• Чүй облусунда – 5;
• Баткен облусунда – 3;
• Ош ш. – 10;
• Бишкек ш. – 8;
• Нарын облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 2
Аныкталган учурлардын ичинен – 63 аял, 53 эркек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM