Биз менен байланышыңыз

Ыкчам штаб: Өзгөчө абалдагы талаптарды сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 416 | 0

Өзгөчө абал режими учурунда чектөөлөрдү сактоону көзөмөлгө алуу күчөтүлдү. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Ал Коопсуздук кеңешинин чакан курамда өткөн жыйынында бир катар тапшырмалар жана сунуштар берилгенин белгиледи. Айрым иш аракеттерге карата сын пикир дагы айтылганын кошумчалады.

Бардык тармактык кызматтар жана жергиликтүү бийлик органдары коронавируска чалдыккан жарандар менен байланышта болгондорду аныктоо, аларды көзөмөлдөө боюнча иштерди күчөтүүсү зарыл, — деди Кубатбек Боронов.

Ал Бишкектин комендатурасы мамлекеттик кызматкерлер атайын берилген уруксаты жок жеке унаасы менен шаарда жүрүүгө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алганын билдирди.

— Борбор калаада эле мамлекеттик органдардын кызматкерлери 100 миңдин тегерегинде. Алардын айрымдары аргасыз эс алуу күндөрүн алгандыгына карабастан, кызматтык күбөлүктөрүн пайдаланып шаарда жүрүшкөн. Мындай фактыларга жол берилбеши керек, бардык жүрүүлөргө тыюу салынат, — деди ал.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга финансы каражаттарын, жабдууларды, резервдерди эске алуу менен коронавирус боюнча абал начарлап кеткен шартка карата иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Жергиликтүү бийлик органдарына калктын социалдык жактан аярлуу катмарына, жакындарынын камкордугусуз калган карыларга даректүү жардам көрсөтүү боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкөнүн райондорун жана облустарын зарыл дары-дармектер, өздүк коргонуу каражаттары менен камсыздоо милдеттендирилди.

Copyright © 2017 Maral FM