Биз менен байланышыңыз

УКМК: Коронавирус боюнча жалган маалымат тараткан адам аныкталды  

Кыска кабар | 1 Апр 2020 | 692 | 0

Кечээ, 31-мартта УКМК жүргүзгөн ыкчам-издөө иш чараларынын алкагында Чүй областынын Сокулук районунун тургуну, 1987-жылы туулган Бактияр Бактыбаев аттуу жараны аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Такталган маалымат боюнча Бактыбаев соцтармактар аркылуу Сокулук районунун администрациясында бир адамдан коронавирус табылды деген жалган маалыматтарды тараткан.

Аталган адам менен профилактикалык иш чаралар өткөзүлүп, жыйынтыгында ал кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.

Анын мындай аракеттерине юридикалык баа берилет.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ички иштер органдары менен биргеликте коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды, тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш аракеттерди жүргүзүүнү улантууда.

Copyright © 2017 Maral FM