Connect with us

Бүгүнтөн тарта Москванын тургундарына карантин жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 30 Мар 2020 | 904 | 0

Бүгүн, 30-марттан баштап Москванын бардык жашоочуларына карантин жарыяланды. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин маалымдаган.

Ага ылайык, мындан ары шаардын бардык курактагы тургундары тийиштүү себептер менен гана сыртка чыга алат. Алар ооруканага, дүкөнгө, дарыканага бара алат. Ошондой эле, жумушка барууга милдетүү адамдар дагы үйүнөн чыкса болот.

Жакынкы күндөрү шаардыктар атайын уруксат кагаз менен гана сыртка чыга башташат. Андай баракчалар Москва өкмөтү киргизген эрежелердин негизинде берилет. Бул аракет коронавирустун жайылышын токтотуу максатында жасалууда.

Орусияда COVID-19 илдетинен көз жумгандардын саны 9 адамга жетти. Соңку маалыматтарга караганда, өлкө боюнча жалпы 1543 адам вируска кабылып, 64ү айыккан.


Москвадан 402 жаран чартердик рейс менен алынып келинди


Copyright © 2017 Maral FM