Биз менен байланышыңыз

Нарын шаарында кримтөбөл «Лимонти» Алмаз Сулайманов өлтүрүлдү

Кыска кабар | 28 Мар 2020 | 5487 | 0

28-мартта Нарын шаарында Лимонти каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Алмаз Сулаймановго кол салуу болду. Натыйжада, Алмаз Сулайманкулов өмүрү менен кош айтышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, бүгүн Нарын шаарынын Ленин көчөсүндө белгисиз автоунаа Сулаймановдун автоунаасын келип урган. Алмаз Сулайманов унаадан чыккан учурда белгисиз адам келип, ага бир нече ирет бычак саюуга үлгүргөн. Алган жаракаттардан улам Сулайманов турган жеринде каза болгон.

Лимонтини өлтүргөн адам анын жансыз денесин автоунаанын ичине салып, жакын жердеги милициянын пунктуна алып барып, колго түшүп берген.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өлтүрүүнүн себеби – 1998-жылы Лимонти Имаш Шамшиевди өлтүргөндүгү менен байланыштырылууда. Лимонтини өлтүргөн адам Имаш Шамшиевдин эр жеткен уулу экени айтылууда.

Кийинчерээк Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы да Сулаймановдун өлтүрүлгөндүгүн тастыктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM