Connect with us

Жээнбеков Ооганстандын башчысы менен байланышты

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 1879 | 0

Бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Афганистан Ислам Республикасынын Президенти Мохаммад Ашраф Гани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар региондо коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү максатында мындан ары дагы өз ара аракеттешүүгө даярдыгын билдиришти.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Мохаммад Ашраф Ганиге Чоң жана Кичи Памир аймагында жашаган этникалык кыргыздардын маселелерин чечүү боюнча демилгелерди колдогону үчүн ыраазычылыгын айтты.

Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы тереңдетүүгө кызыктарлыгын белгилешти.

Кошумчалай кетсек, Ашраф Гани Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен да телефон аркылуу байланышкан. Эки тарап COVID-19 коронавирусуна каршы биргеликте күрөшүү тууралуу сөз кылышканы айтылды.

Коронавирус: Борбор Азияда абал кандай?

Copyright © 2017 Maral FM