Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин аппарат жетекчиси алмашты

Кыска кабар | 26 Мар 2020 | 625 | 0

Алмазбек Сабырбеков Жогорку Кеӊештин аппаратынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта парламенттин пресс-кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2017-жылдан бери аппарат жетекчи болуп иштеп келген Самат Ибраев 23-мартта өз арызы менен кызматтан бошотулган. Анын ордуна төраганын буйругу менен аппарат башчы болуп Алмазбек Сабырбеков дайындалган.

Сабырбеков буга чейин Жогорку Кеӊештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеӊешчиси болгон. Кийин төраганын атынан Мухаммедкалый Абылгазиевге багытталган кат интернетке жарыяланып, андагы грамматикалык каталардын көптүгү коомчулуктун сынына кабылган. Парламенттин маалымат кызматы бул катаны мойнуна алып, тиешелүү кеңешчинин кызматтан кеткенин маалымдаган эле.

Copyright © 2017 Maral FM