Биз менен байланышыңыз

«Токио-2020» олимпиадасы келерки жылы өтө турган болду

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 2168 | 0

Дүйнөлүк олимпиада комитетинин президенти Томас Бах жана Япониянын премьер-министри Абэ Синдзо коронавируска байланыштуу Токиодо өтө турган олимпиада тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу Кыргызстандын улуттук олимпиадалык комитети билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Бах жана премьер-министр дүйнөлүк пандемия боюнча тынчсыздануусун билдирип, бул спортчулардын машыгуусуна терс таасир этип жатканын белгилешти.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 23-мартка алынган маалыматы боюнча 375 миң адам коронавирус илдетин жугузган. Мындан улам, пандемиянын ыкчам жайылып жатканын эске алуу менен Токио-2020 олимпиадасын өткөрүүнү 2021-жылга калтыруу чечими кабыл алынды.

Олимпиаданын символикалык оту Японияда калтырылып, олимпиадалык жана паралимпиадалык оюндар “Токио-2020” деген аталышта өтө турган болду.

Copyright © 2017 Maral FM