Биз менен байланышыңыз

Бишкек шаары, Ош, Жалал-Абад облусунун бир катар райондоруна өзгөчө абал киргизилет (шарттар, эрежелер)

Кыска кабар | 24 Мар 2020 | 2568 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-мартта кол койгон Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош облусунун Ош шаарынын, Ноокат, Кара-Суу райондорунун жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын, Сузак районунун аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Жарлыкта төмөндөгүлөр белгиленет:

«2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирустук инфекциясынын (мындан ары — коронавирустук инфекция) жайылышын пандемия катары жарыялады.

2020-жылдын 18-23-мартында Кыргыз Республикасынын аймагында жарандардын коронавирустук инфекцияны жуктуруп алган 16 фактысы, анын ичинде Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 8 факт, Оштун Ноокат районунан 5 факты, Баткен облусунун Баткен районунан 1 учур жана Бишкек шаарынан 2 учур тастыкталды.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна, „Өзгөчө абал жөнүндө“ мыйзамынын 3, 4 жана 7-беренелерине ылайык жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоонун, алардын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуунун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо максатында токтом кылынат:

Аталган аймактарда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилет.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн аталган аймактарда комендатура түзүлүп, комендатура жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилет.

Өзгөчө абал киргизилген аймактарда төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо обсервацияда же дарыланууда болгон жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) карантин киргизилсин жана милдеттүү болгон башка санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар өткөрүлсүн;

10) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ресурстары колдонулсун;

11) коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо үчүн эмгекке жарамдуу жарандар эмгекти жана саламаттыкты коргоонун талаптарын милдеттүү түрдө сактоо менен тартылсын;

12) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

13) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

14) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

15) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

16) жеке иш-чараларды (үйлөнүү тойлорун, туулган күндөрдү белгилөөнү жана башка иш-чараларды) өткөрүү жөнгө салынсын;

17) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн төмөнкүдөй кошумча милдеттер киргизилсин:

— өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү;

— күнүмдүк иште коопсуздук чараларын сактоо, коронавирустук инфекциянын жайылышына алып келиши мүмкүн болгон бузууларга жол бербөө;

— жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин үйрөнүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышын алдын алууда мамлекеттик бийлик органдарына жана уюмдарга көмөк көрсөтүү;

— коронавирустук инфекциянын жайылышынын коркунучу жөнүндө тиешелүү мамлекеттик органдарга маалымат берүү.

Аймактарга дайындалган коменданттарга аталган аймактарда коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоо, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрүү милдеттендирилет.

Саламаттык сактоо министрлиги, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы жана ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка аймактарына коронавирустук инфекциянын жайылышын болтурбоодо Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

Өлкөнүн Жогорку сотуна өзгөчө абал мезгилинде өзгөчө абал жарыяланган аймактарда жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:

1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилинде өзгөчө кырдаал жарыяланган аймактарда мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде аймактарга дайындалган Коменданттар берген маалыматтарды таратсын.

Өлкө башчысынын Жарлыгына ылайык, Бишкек шаарына Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Комендант болуп дайындалды. Ош шаары менен райондоруна Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги Малик Нурдинов Комендант болду. Ал эми Жалал-Абад облусу менен райондоруна Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги Женишбек Жоробеков Комендант болуп дайындалды.

Буга байланышкан Жарлыктар Жогорку Кеңешке жиберилген. Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирери айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM