Биз менен байланышыңыз

Ноокатта дагы эки кишиден коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 3707 | 0

Кыргызстанда дагы эки киши коронавирус менен катталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, жаңы учур Ош облусунун Ноокат районунда катталды. Алар — 1960-жылкы аял жана эркек болуп чыкты. Штабдын маалыматына караганда, коронавирус аныкталган акыркы эки учур да кичи ажылыктан келгендерден чыкты.

Айнура Акматованын айтымында, алар 13-мартта келишкен.

Кыргызстанда коронавирус илдети менен күрөшүп жаткандардын жалпы саны 16га жетти.

23-мартта кыргызстандык бир жаран Пакистанда коронавирус жуктуруп алганы кабарланган. Аны менен кошо жүргөн төрт жаран да карантинге алынган. Алар бул өлкөгө дааватка барышкан.

Жалал-Абад облусунда коронавирус аныкталган жарандардын бири учурда жандандыруу бөлүмүндө.

ТИМ: Пакистанда кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды

Copyright © 2017 Maral FM