Биз менен байланышыңыз

ТИМ: Пакистанда кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 1839 | 1

Пакистанда кыргызстандык жарандан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, 22-мартта 1963-жылы туулган кыргыз жараны бул илдетти жуктуруп алганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал башка дагы 4 мекендеши менен Пакистанга дааватка барган.  (Чогуу жүргөн жарандар 1960-, 1978-., 1960- жана 1996-жылы туулган.)

ТИМдин маалыматына караганда, жогоруда айтылган жарандар консулдуктун каттоосуна турган эмес, жардам сурап элчиликке кайрылган эмес.

Учурда коронавирусту жуктуруп алган жаран Исламабаддагы госпиталга жаткырылды, аны менен чогуу жүргөн калган төрт кыргызстандык карантинге алынды.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    23.03.2020 12:54

    Кыргызстанда динди бир жолго салбаса болбой калды, коншу олколордогудой болбосо мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч бар. Башка багытта жургондор кобойду.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM