Пакистанда кыргызстандык жарандан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, 22-мартта 1963-жылы туулган кыргыз жараны бул илдетти жуктуруп алганы аныкталган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал башка дагы 4 мекендеши менен Пакистанга дааватка барган. (Чогуу жүргөн жарандар 1960-, 1978-., 1960- жана 1996-жылы туулган.)
ТИМдин маалыматына караганда, жогоруда айтылган жарандар консулдуктун каттоосуна турган эмес, жардам сурап элчиликке кайрылган эмес.
Учурда коронавирусту жуктуруп алган жаран Исламабаддагы госпиталга жаткырылды, аны менен чогуу жүргөн калган төрт кыргызстандык карантинге алынды.