Биз менен байланышыңыз

АКШда акыркы суткада коронавируска кабылган 9000 учур катталды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 1483 | 0

23-мартка карата АКШда SARS-CoV-2 коронавирусу 33546 адамда аныкталган. Ушундан улам, өлкө коронавирустун жайылышы боюнча Кытайдан жана Италиядан кийинки үчүнчү орунга чыкты. Президент Дональд Трамп мындан мурдараак өлкөдө Өзгөчө кырдаал режимин жарыялаган.

Акыркы эле күндөрү SARS-CoV-2 вирусу 9100 адамдан табылган. Вирустун жайылышына байкоо жүргүзгөн Эл аралык Worldometer волонтерлор уюмунун келтирген акыркы маалыматтарында илдеттин кесепетинен 419 адам көз жумган. Алардын 117си акыркы суткада оо дүйнөгө аттанышкан.

Эскерте кетсек, АКШда Өзгөчө кырдаал режими 13-марттан тартып киргизилген. Коронавирус учурда дүйнөнүн 190 өлкөсүндө таралды.

Copyright © 2017 Maral FM