Биз менен байланышыңыз

Коронавирусту жуктургандардын бири реанимацияга жаткырылды

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 2540 | 1

Коронавирусту жуктургандардын бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Ал 1949-жылы туулган жаран. Бул тууралуу өкмөт үйүндө брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

22-мартта эки адамдын абалы орточо оор деп айтылган. Алардын бирөө 69 жаштагы эркек киши жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.

Кыргызстанда коронавирусту жуктурган жаңы учур катталган жок. Өлкөдө коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 14 кишини түзөт. Алардын 6сы аял, 8и эркек кишилер.

Кыргызстанда 22-марттан тарта өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны — 2628 адам.

Кыргызстандын 7 облусуна 14 санитардык-карантиндик пост орнотулат. Алар 2 нөөмөттө күнү-түнү иштешет.

ӨКМ жер-жерлерде бардык облустардын айыл-шаарларынын ички көчөлөрүн дезинфекциялоодо.

Өзгөчө кырдаал режими киргизилгенине карабастан, мамлекеттик органдар көнүмүш иш графиги боюнча иштешет.

«Манас» жана «Ош» эл аралык аэропорттору аэробекеттерге узатуучуларга жана тосуп алуучуларга кирүүнү убактылуу чектеди. Аэропорттордун имаратына билеттери бар жүргүнчүлөр гана өткөрүлөт..

Кыргыз Республикасынын чек арасынан өткөндөргө карата карантиндик чаралардын шарттары өзгөрдү. Саламаттык сактоо министрлиги биринчи жана 2-категориядагы өлкөлөрдөн келген жарандарды 3 күнгө обсервация жайларына жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматтарына ылайык, 23-мартка карата дүйнөнүн 187 өлкөсүндө коронавируска чалдыккан 294 миң 110 учур катталды. Анын 12 миң 944ү өлүмгө дуушар болду.

Оорулуулардын эӊ көп саны Кытайда (81 499), Италияда (53 578), Испанияда (24 926), Иранда (21 638) жана Германияда (21 463) катталган.

Ошондой эле Орусияда – 367, Казакстанда –59, Өзбекстанда – 42, Кыргызстанда – 14 учур аныкталды.

Коронавирус: Топтолгон акчанын сарпталышын байкоочу кеңеш көзөмөлдөйт

1 пикир

1 пикир

  1. Азамат

    23.03.2020 10:22

    Окмот элдин саламтчылыгын кантип коргоп калуунун аракетин кылып жатса, кээ бирлер, жакырчылыктан коркуп ар нерсени жазууда , мекендештер бир аз чыйралыпа сабыр кылалычы Инша Аллах баары жакшы болот сабыр кылалы, ден соолук болсо анан он соолук

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM