Биз менен байланышыңыз

Коронавирус: Топтолгон акчанын сарпталышын байкоочу кеңеш көзөмөлдөйт

Кыска кабар | 23 Мар 2020 | 532 | 0

Коронавирустун жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн жеке жана юридикалык жактар ыктыярдуу жардам иретинде берип жаткан акча каражаттары Финансы министрлигинин эсебине түшөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күнү жеке жана юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын бир дагы сому коротулган жок.

Финансы министрлиги түшкөн каражаттын көлөмү жана аларды максаттуу сарптоо тууралуу өлкө коомчулугуна туруктуу негизде маалымдап турат.

Түшкөн финансы каражаттарын ачык пайдаланууга атайын түзүлгөн байкоочу кеңеш көзөмөл жүргүзөт. Анын курамына өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун жана бизнестин өкүлдөрү кирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM