Биз менен байланышыңыз

22-мартка карата өлкөдө коронавирус жуктурган учур катталган жок

Кыска кабар | 22 Мар 2020 | 627 | 0

2020-жылдын 22-мартында коронавирус жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты. Бардыгы болуп республикада COVID-2019 кабылгандардын саны — 14. Алардын алтоосу эркек, 8 аял.

Баткен облусу – 1 адам;
Сузак району – 8 адам;
Ноокат району – 3 адам;
Бишкек шаарында – 2 адам.

Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө.

Бейтаптар менен байланышта болгон жактардын саны — 2628 адам.
Азыркы учурда инфекциянын чордондорунда эпидемияга каршы жана профилактикалык иш чаралар уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM