Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 1 айга өзгөчө кырдаал киргизилет

Кыска кабар | 21 Мар 2020 | 6716 | 1

Коопсуздук кеӊеши Премьер-министрге өлкө аймагына 2020-жылдын 22-мартынан тарта 1 айга өзгөчө кырдаал режимин жарыялоо сунушун киргизди.

Мындай чечим бүгүн, 21-мартта президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин чакан курамынын жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйында өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу боюнча кошумча чаралар каралды.

Биринчи вице-премьер-министр Коронавирус инфекциясынын жайылышы менен күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Коопсуздук кеңешинде мурда кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө баяндама жасашты.

Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө максатында өлкөнүн бардык аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө сунуш киргизди.

Аталган маселени талкуулоонун натыйжасында чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынынын катышуучуларынын 2020-жылдын 22-мартынан баштап өлкө аймагына 1 айга өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине сунуштама берүү жөнүндө сунуштары эске алынып, чечим кабыл алынды.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Коопсуздук кеңешинин Катчылыгы менен биргеликте өзгөчө кырдаалды жарыялоодо ыкчам иш-аракеттердин тиешелүү планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле, өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизүүнү эске алуу менен, 2020-жылдын 12-апрелине белгиленген бир катар жергиликтүү кеңештердеги шайлоо күнүн жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

Эске сала кетели, 21-марттагы акыркы маалыматтарга карата Кыргызстандын аймагында коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 12ге жетти. Алардын 8и Сузак (Жалал-Абад облусу), үчөө Ноокат (Ош облусу) жана бир жаран Баткен (Баткен облусу) райондорунан катталган.

Copyright © 2017 Maral FM