Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Ош, Жалал-Абад облустарында 24 градус жылуу болот

Кыска кабар | 19 Мар 2020 | 471 | 0

Эртең, 20-мартта түнкүсүн Ысык-Көл облусунда жана Чүй облусунун айрым райондорунда жаан жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаайт, калган облустарда күн ачык болот, деп маалымдайт Кыргызгидромет. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу аймактарда жол тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+21

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10,
күндүз +19…+24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +19…+21 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM