Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Айрым аймактарда жаан жаап, тоолорго кар түшөт

Кыска кабар | 18 Мар 2020 | 359 | 0

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, эртең, 19-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорунда жаан жаайт, тоолорго кар түшөт.

Чүй облусунда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан-чачын болушу күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

19-мартта күндүз Чүй облусунун айрым райондорунда жаан жаайт, тоолорго кар түшөт. Башка аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19

Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12

күндүз +18…+23

Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +6…+11

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8…+10, күндүз +17…+19 градус болот.

Copyright © 2017 Maral FM