Биз менен байланышыңыз

Эртең Ош шаарында жылуулук берүү токтотулат

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 350 | 0

Жылытуу мезгилинин аяктагандыгына байланыштуу Ош шаарында жылуулук берүү эртең, 18-марттан тарта токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов кол койду. Буйрукта ошондой эле, жылуулук менен камсыздоочу обьектилерин 2020-2021-жылдын жылытуу мезгилине даярдоо иштерин баштоо жагы Ош жылуулук электр борборуна, «Жылуулук камсыздоо» муниципиалдык ишканасына, шаардык билим берүү башкармалыгына, саламаттыкты сактоо мекемелерине милдеттендирилген.

Эске салсак, Ош шаарына жылуулук 2019-жылдын 5-ноябрынан тарта бериле баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM