Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына Эрлан Абдылдаевдин талапкерлиги жактырылды

Кыска кабар | 17 Мар 2020 | 500 | 0

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына Эрлан Абылдаевдин талапкерлигин жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ошондой эле Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна Нурлан Абдрахмановдун талапкерлигин жактырды.

Белгилей кетсек, Эрлан Абдылдаев 1966-жылы туулган. Жогорку билимдүү, 1989-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун бүтүргөн. 2012-2018-жылдары Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеген. Ал эми Нурлан Абдрахманов буга чейин тышкы иштер министринин орун басары кызматын ээлеп келген.

Copyright © 2017 Maral FM