Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 16 Мар 2020 | 816 | 0

Бүгүн, 16-мартта таңкы саат 05:54тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Эңилчек-Тоо тоо кыркаларында катталып, Таш-Короо айылынан батыш-чыгышты карай 25 чакырым, Эчкили-Таш айылынан түштүк-чыгышты карай 28 чакырым, Кең-Суу айылынан түштүк-батышты карай 30 чакырым жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышты карай 99 чакырым алыстыкта катталган.

Калктуу пункттарында жер титирөөнүн активдүүлүгү: Таш-Короо, Курган, Эчкили-Таш, Кең-Суу айылдарында 3 баллга чейин жеткен.

Copyright © 2017 Maral FM