Биз менен байланышыңыз

Боронов: Быйыл дан эгиндери 4,2 миң гектарга көп себилет

Кыска кабар | 12 Мар 2020 | 359 | 0

Быйылкы жылы бардык дан эгиндерин себүү аянттары 631,9 миң гектарды түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 4,2 миң гектарга көп болот. Мындай пикирин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Чүй облусунун айыл чарба субьектилеринин жазгы талаа иштерине даярдыгынын жүрүшү жана ирригациялык системалардын абалы менен таанышкан учурда билдирди.

Кубатбек Боронов билдиргендей, быйыл жазгы талаа иштери былтыркы жылга караганда эрте башталган.

Республиканын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында, ошондой эле эле Чүй облусунда жазгы талаа жумуштары жакшы темпте жүрүүдө. 2020-жылдын жазгы айдап себүүсүнө айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоо аянттарынын түзүмү такталды,  — деди Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр билдиргендей, былтыркы жылдан бери суунун көлөмүнүн аз болушу байкалууда. Буга байланыштуу суунун жетишсиздигинин алдын алуу жана үнөмдүү пайдалануу максатында, бардык тийиштүү инфраструктураларды даярдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле, ал мамлекеттик ирригация тармактарын 2020-жылдын сугат мезгилине даярдоо үчүн 205,3 млн сом каралып, 10-мартка карата 72,8 млн. сомдук калыбына келтирүү иштери аткарылып, коюлган 205,3 млн сомдук пландын 36 % түзгөнүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM