Биз менен байланышыңыз

Сулайманов китеп чыгаруучуларды салыктан бошотууну сунуштады

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 1840 | 0

Бүгүн, 11- мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов китеп чыгаруучуларды салыктан бошотуу керектигин сунуштады.

Кыргызстанда арак менен китептин салыгы бирдей. Бүт дүйнөдө китепке эч кандай салык төлөнбөйт. Бизде китепти которуп, чыгарып, китеп менен алек болгондор 12 пайыз кошумча нарк салыгын төлөшөт , — деди Сулайманов.

Ал ошондой эле, Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековду кийинки жыйынга бул маселе боюнча атайын сунуш менен келүүнү тапшырды.

«Кыргызстанда арак менен китептин салыгы бирдей»

Copyright © 2017 Maral FM