Биз менен байланышыңыз

Сутка ичинде вирустук инфекциялар менен 26 адам кайрылды

Кыска кабар | 11 Мар 2020 | 335 | 0

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына 1 сутка ичинде 175 бейтап кайрылды. Алардын 98и жаш балдар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кайрылгандардын 55и ооруканага жаткырылган, алардын 45и жаш балдар.

Курч мүнөздөгү ичеги-карын инфекциялары менен 16 адам кайрылса, алардын 10у ооруканага жаткырылып, 6 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Курч мүнөздөгү вирустук инфекциялар менен 26 адам кайрылган, алардын 13ү ооруканага жаткырылып, 13 бейтапка амбулатордук жардам көрсөтүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM