Биз менен байланышыңыз

Кытай: Ухань шаарында 11 оорукана жабылды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 3473 | 0

Кытайдын Ухань шаарында коронавирус жайылган соң курулган 14 оорукананын 11и жабылды. Ага көпчүлүк бейтаптарга жооп берилгени себеп болду.

Калган бейтаптар коронавируска чалдыккандарды кабыл алуучу башка ооруканаларга жөнөтүлгөн.

Эпидемия башталгандан бери Кытайдагы бир катар стадион жана көргөзмө борборлору убактылуу ооруканаларга айланган. Мындай бейтапканалардын бири — Цзяокоу тараптагы мекеме алгачкылардан болуп 1-мартта жабылган.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 114 миңден ашык адам коронавируска кабылган. Анын 80 миң 924ү Кытайда катталган.

Алардын ичинен 62,8 миңден ашык киши илдеттен айыккан.

Copyright © 2017 Maral FM