Биз менен байланышыңыз

Өкмөт аялдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча пикирин билдирди

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 665 | 0

Аялдар иштери жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш айымдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн, анын ичинде 8-мартта зордук-зомбулукка каршы жүрүшкө чыккан катышуучуларга карата айрым милиция кызматкерлеринин колдонгон аракетин айыптайт. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук фактыларынын көбөйүшү, аялдарга одоно жасалган мамиле, ушул жылдын башында өлүм менен аяктаган окуялар олуттуу көйгөй болуп эсептелет жана мамлекеттин алдында үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу, жөнгө салуу боюнча иш ыкмаларды кайра карап чыгуу милдети турат.

Зомбулуктун бардык түрлөрүнө жол бербөө жөнүндө калктын түшүнүгүн кеңейтүү жана үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка карата сабырсыздыкты көрсөткөн өлкө боюнча «үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы 180 күн» маалымат кампаниясы жүрүп жатат, зомбулуктун алдын алуу боюнча кечиктирилгис чаралардын комплекси бекитилип, медиаплан даярдалды.

Өкмөт дайыма гендердик теңчилик, аялдардын жана кыздардын укуктарын, мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу маселеси, ошондой эле аялдарга карата жасалган зомбулуктун бардык түрүн алдын алуу жана ага жол бербөө боюнча системалуу жана мерчемделген иштерди алып барат.

2012-жылы түзүлгөн Улуттук кеңеш гендердик өнүгүү маселелери боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууну координациялоочу консультативдик, кеңеш берүүчү орган болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM