Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев Мишустин менен мунайзат рыногундагы кырдаалды талкуулады

Кыска кабар | 10 Мар 2020 | 1045 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдө түзүлгөн экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.

Ошондой эле Евразия экономикалык биримдиги алкагындагы кызматташуу маселелерине, эки өлкөнүн эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүүчү иш-чаралар тууралуу сөз болду.

Белгилей кетсек, 9-мартта мунайдын баасы 30%га чейин арзандады. Мындан улам, Орусиянын улуттук валютасы арзандады. 1 рубль кыргыз сомуна карата 93 тыйынга чейин арзандады.

Мунай 31 пайызга арзандады

Copyright © 2017 Maral FM