Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк: Эл аралык резервдердин запасы жетиштүү

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 511 | 0

Кыргызстанда валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу экенин Улуттук банк кабарлады. АКШ долларына жана еврого карата рублдин куну түшкөн. Учурда бир доллар 75 рубль турууда.

Улуттук банк «Кабар» агенттигине, Орусиядагы жагдайга байныштуу, Кыргызстан менен Орусиянын улуттук валюталарынын курстарынын ортосунда түз жана тыгыз байланыш жок экенин билдирет.

«Ошол эле учурда Орусия Кыргызстандын негизги экономикалык өнөктөштөрүнүн бири катары өз ара соода байланыш жана акча которуулар каналы аркылуу өлкөнүн экономикасына таасирин тийгизип келет. Улуттук валютанын курсунун динамикасы, биринчи кезекте, экономиканын абалы жана анын тышкы дисбаланстарга, монетардык бийликтин аракеттери менен белгиленет»,- деп айтылат маалыматта.

Улуттук банкта эл аралык резервдердин запасы жетиштүү. 6-мартка карата эл аралык резервдердин көлөмү 2 млрд 400,15 млн долларды түзүп, ал өлкөнүн товар жана кызмат көрсөтүүлөрдүн 5 айлык импортун камсыздоого жетет.

Мунай 31 пайызга арзандады

Copyright © 2017 Maral FM