Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан: Доллардын курсу төмөндөп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 593 | 0

Өзбекстанда доллардын расмий курсу төмөндөп жатат. Өлкөнүн Борбордук банкы 10-мартка карата валюталардын жаңы кунун бекитти.

Ага ылайык, доллардын сумга карата курсу 13,30 сумга төмөндөп, 1 доллар 9500,54 сумга бааланган.

Ал эми евро 232,35 сумга көтөрүлүп, 1 евро 10 721,36 сумга тең келди.

Өз кезегинде рублдин курсу 2,94 сумга арзандап, 1 рубль 138,91 сумду түздү.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда алты жумадан бери доллардын курсу төмөндөгөнү байкалууда. Алсак, өткөн аптада курс 12.44 сумга түшүп, 1$ 9513,84 сумга бааланган. Евро болсо 159,66 сумго жогорулап, 10 489,01 сумга тең келген.

Copyright © 2017 Maral FM