Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 9-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -5…..-10… күндүз: 2……..7°
Талас облусунда:
түнкүсүн: -6…..-11….күндүз: 1………6°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 4……..9°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 0……-5….күндүз: 4………9°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -5……-10..….күндүз: 1……..6°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -10……-15…..күндүз: -2.……3°C
9-мартта Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…….-7°C, күндүзү 5………7°C.