Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 7-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 6 Мар 2020 | 614 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 7-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында жана Нарын облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: -2…..-7… күндүз: 0……..5°

Талас облусунда:

түнкүсүн: -3…..-8….күндүз: 0………5°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 3……..8°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: -2……3….күндүз: 3………8°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -2……-7..….күндүз: -3……..2°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -7……-12…..күндүз: -1.……-6°C

7-мартта Бишкекте кар жаашы күтүлөт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…….-4°C, күндүзү 3………5°C.

Copyright © 2017 Maral FM