Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланат

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 351 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 5-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо жана Нарын облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 0…..5… күндүз: 10……..15°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: -1…..4….күндүз: 9………14°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 2……7….күндүз: 10……..15°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 2……7….күндүз: 10………15°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -2……-7..….күндүз: 1……..6°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -8……-13…..күндүз: 0.……5°C

5-мартта Бишкекте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз кар аралаш жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 1…….3°C, күндүзү 10………12°C.

Copyright © 2017 Maral FM