Биз менен байланышыңыз

Кой-Таш окуясы боюнча алдын ала соттук угуу 15.00гө жылдырылды

Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 313 | 0

Бүгүн, 4-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угуугу саат 15.00гө жылдырылды.

Соттук териштирүү жабык режимде өтө турганын прокурорлор журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Жазык процесстик кодекстин 275-беренесине ылайык, алдын ала угуулар жабык өтөт», -деди прокурор.

Ошондой эле прокурорлор алдын ала угуулар  бүткөндөн кийин соттук отурумдар ачык болорун, ага журналисттердин жана тарапташтарынын катышуусуна каршылык көрсөтпөй тургандыктарын билдиришти.

Эске салсак, кечээ, 3-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча алдын ала соттук угууга мурунку президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM