5-марттан 7-мартка чейин Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Көпчүлүк аймактарда 5-мартта күндүз жаан жаап, карга айланышы, тоолуу райондордо кар жаашы, 6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
7-8-марттарда абанын температурасы төмөндөп:
- Түнкүсүн Чүй өрөөнүндө -2…-7° суук, Чүй облусунун түндүгүндө жана Талас өрөөнүндө -4…-9° суук, күндүз 1…6° жылуу;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -4° сууктан +1° жылуулукка чейин, күндүз 6…11° жылуу, тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9° суук, күндүз -2 сууктан…+3° жылуулукка чейин;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11° суук, күндүз -3 сууктан…+2° жылуулукка чейин;
- Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15°, күндүз -1…-6°, тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -3…-8°, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -5…-10° суук болушу күтүлөт.