Биз менен байланышыңыз

АКШнын Теннеси штатында кыйраткыч бороондон 25 адам өмүрү менен кош айтышты

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2020 | 430 | 0

АКШнын Теннеси штатында күчтүү бороондун кесепетинен кеминде 25тей адам каза болду. Дайынсыз жоголгондорду издөө иштери дале уланууда. Бул тууралуу штаттын Өзгөчө кырдаалдар боюнча ведомствосу кечээ, 3-мартта билдирди.

Кыйраткыч бороон АКШнын түштүк-чыгышында жайгашкан Теннеси штатынын үстүнөн 3-март күнү жүрүп өткөн. Натыйжада, 48 имарат кулап, 150 адам ооруканага жеткирилген.

Телекөрсөтүүдө трансляцияланган видеожазууларда кыйраган көпүрөлөр жана көчөлөр чагылдырылган. Ал эми АВС телеканалы штаттын борбору Нашвилланын аэропортунда бири-бири менен кагылышкан учактардын, автоунаалардын видеосун жарыялаган.

Штаттын өзгөчө кырдаалдар ведомствосунун маалыматына караганда, 73 миң үй-бүлө жараксыз абалга келген электр түйүндөрүнөн улам жарыксыз калышкан.

АКШ президенти Дональд Трамп жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан аймакка 6-мартта келерин билдирди.

Эскерте кетсек, АКШнын түштүк-чыгыш аймагында көп учурларда кыйраткыч бороондор болуп турат. Мындан бир жыл мурун Теннесиден түштүгүрөөк жайгашкан Алабама штатында болуп өткөн бороондон 23 адам өмүрү менен кош айтышкан эле.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM