Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: 3-мартта айрым аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 620 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда:

түнкүсүн: 1…..6… күндүз: 10……..15°C

Талас облусунда:

түнкүсүн: 0…..5….күндүз: 11………16°C

Жалал-Абад жана Ош облустарында:

түнкүсүн: 3……8….күндүз: 16……..21°C

Баткен облусунда:

түнкүсүн: 3……8….күндүз: 15………20°C

Ысык-Көл облусунда:

түнкүсүн: -2……3..….күндүз: 6……..11°C

Нарын облусунда:

түнкүсүн: -3……-8…..күндүз: 3.……8°C

3-мартта Бишкекте түнкүсүн күн ачык болуп, күндүз жаан жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 4…….6°C, күндүзү 11………13°C.

Copyright © 2017 Maral FM