Connect with us

Түштүк Кореяда сектага тиешелүү 9 миң адамда коронавирустун симптомдору байкалды

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 612 | 0

Түштүк Кореяда коронавирустун жайылышы Кытайдан кийинки экинчи орунда тургандыгы жашыруун эмес. Өлкө боюнча 4212 адамдын илдетке чалдыкканын статистика айтып турат.

Кечээ, 1-мартта Сеул бийлиги “Скиния храмынын Шинь-чонжи күбөлөрү” деп аталган сектанын 12 лидерине карата прокуратурага доо арыз менен кайрылган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, Түштүк Кореяда коронавирус илдетинин таралышы Тэгу шаарынан башталган. Дал ушул шаарда жогоруда аты аталган сектага тиешелүү адамдар ар кандай ритуалдарды аткаруу учурунда бири-бирине коронавирусту жугузушканы аныкталган. Ушул сектанын бири-бирине карата жасаган ырым-жырымдарынын кийин өлкөдө коронавирустун тездик менен жайылышы байкалган.

Би-Би-Синин Сеулдагы кабарчысы Лора Бикердин айтымында, өлкөдө дал ушундан улам аталган диний сектага карата элдин нааразычылыгы күчөгөн. Ал эми секта лидери өзүн бул кырдаалдан элди куткара турган “куткаруучумун” деп эсептейт.

Корей бийлиги сектага мүчө болгон 230 миң адамдын бардыгын медициналык текшерүүдөн өткөргөн. Алардын 9 миңи өздөрүндө коронавирустун симптомдору байкалганын айтышкан. 88 жаштагы сектанын лидери Ли Ман Хи да коронавируска карата анализ тапшырган. Бирок азырынча текшерүүнүн натыйжалары тууралуу айтыла элек.

Ал арада Түштүк Кореядагы католик чиркөөлөрү Covid-19 вирусунун таралышынын алдын алуу үчүн коопсуздук чарасында жабылган.

Ошондой эле, өлкөдө бардык массалык коомдук иш-чаралар белгисиз мөөнөттөргө жылдырылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM