Connect with us

Сириянын үстүнөн учкан бардык учактар атып түшүрүлөт

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Мар 2020 | 613 | 0

Орусия мындан ары Түркиянын Сирия аба мейкиндигинде учкан аскердик учактарынын коопсуздугуна кепилдик бере албайт. Буга чейин расмий Дамаск Идлиб провинциясынын аба мейкиндиги жабылгандыгын эскерткен эле. Бул тууралуу Эки тарапты бириктирүү борборунун жетекчиси Олег Журавлев РИА Новости маалымат агенттигине билдирген. Анын айтымында, Сирия мындай чечимди провинцияда абалдын курчушуна байланыштуу кабыл алган.

Идлибдин асманы жабылганын тууралуу Сирия жекшемби күнү жарыялаган. Дамасктын билдирүүсүндө, мындан ары Идлибдин үстүнөн учкан бардык чоочун учактар душмандык ниети бар деп саналып, алар токтоосуз атып түшүрүлөт деп айтылган.

Акыркы күндөрү түрктөрдүн Куралдуу күчтөрү Идлибдеги жана анын айланасындагы Сириянын мамлекеттик армиясына тынымсыз чабуул коюп келет. “Мунусу менен Түркия террорчуларды сириялык армиянын соккуларынан коргоп калып жатат”, — деп Сирия бийлиги өзүнүн дооматын койду.

“Бул мурда жетишилген келишимдерди, анын ичинде Сочи келишимдерин да бузгандык”, — деп айтылат Сирия өкмөтүнүн билдирүүсүндө.

Кечээ, 1-мартта Идлибде түрк аскерлери сириялык Аскердик аба күчтөрүнүн эки учагын атып түшүрүшкөн. Учкучтар убагында катапульталанганга үлгүрүшүп, аман калышкан. Мындан сырткары, түрктөрдүн учкучсуз башкарылган аскердик техникалары жалгыздап жүрүп бараткан автоунаа, бронетехника, мотоцикл өңдүү техникаларына да байма-бай сокку уруп жатканы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM