Биз менен байланышыңыз

Чек ара кызматы: Кыргызстандын чегине кирип кеткен 2 тажик чек арачылар адашып калган

Кыска кабар | 1 Мар 2020 | 1456 | 0

Кечээ, 29-февралда Лейлек чек ара отрядынын чек арачыларына жергиликтүү туургундан саат 17.30 Сай жерлигинде Кыргызстандын аймагына Тажикстандын куралсыз чек арачылары 30-40 метр кирип кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Аталган жерге застава башчысы келип, тажик чек арачылары жергиликтүү тургунду — Кыргызстандын жаранын көрүп кайра Тажикстандын аймагына кайтканын аныктаган. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү билдирди.

Бул факты боюнча кыргыз-тажик чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, жолугушууда кыргыз тарап тажик өкүлүнөн Кыргызстандын аймагында Тажикстандын аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз жүрүүсү боюнча түшүндүрмө берүүсүн талап кылган.

Тажикистандын чек ара өкүлү тажик чек арачыларынын мамлекеттик чек арадан адашып калгандыгын, бул аймакта инженердик тосмолор болбогондугун айтып, аталган факт боюнча териштирүү иштерин жүргүзө тургандыгын убада кылды.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.

Жергиликтүү тургундун айтымында, Тажикстандын эки чек арачы аскери Кыргызстандын чегине кирип келип, дөңгөлөктөрдү өрттөгөн. Алардын эмне себептен жүргөнүн сураганы барганда, тажик аскерлери качып, чек арасына өтүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM