Эртең, 1-марттан тарта «Эйр Манас» компаниясы Бишкек-Ош каттамын токтотот. Өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинен кабарлагандай, буга өндүрүштүк муктаждык себеп болгон. Буга чейин билет сатып алган жүргүнчүлөргө акчасы кайра кайтарылып берилет.
«Манас» аэропортунун маалыматына караганда Бишкек- Ош каттамы боюнча жүргүнчүлөрдү күн сайын «Эйр Манастан» тышкары TezJet, Avia Traffic компаниялары ташыйт.