Биз менен байланышыңыз

Арипов: Чубак ажынын депутат болууга укугу бар

Кыска кабар | 25 Фев 2020 | 1860 | 1

Кыргызстандын ар бир жараны мыйзамдын чегинде депутаттык шайлоого барганга укуктуу. Ошол эле учурда мурдагы муфтий, дин аалымы, аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов да шайлоого катышууга толук укугу бар. Президенттикке талапкерлигин койгонго да укугу бар. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөсү Назарали Арипов “Марал” радиосуна билдирди.

—  Чубак ажы Жалилов шайлоого барыш үчүн диний ишмердигин токтотуш керек, аалымдар кеңешинин мүчөлүгүнөн чыгыш керек, имам болбош керек. Калган убакта Кыргызстандын жараны катары шайлоого катышууга толук укугу бар, — деди Арипов.

Чубак ажы Жалилов шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылса, ал өтүнүчү канааттандырылбай турганын БШКдан “Барометр” агенттигине билдиришкен болчу.

Эске салсак, буга чейин дин аалымы Чубак ажы Жалилов ал парламенттик шайлоого катышып калышы ыктымалдыгын, анын да убакыт-сааты келерин «Марал» радиосунда өзүнүн автордук «Аалымдан асыл жооп» программасында билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM