Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 25-февралда күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн.Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда:
түнкүсүн: -2…..3… күндүз: 11……..16°C
Талас облусунда:
түнкүсүн: 0…..-5….күндүз: 6………11°C
Жалал-Абад жана Ош облустарында:
түнкүсүн: 0……5….күндүз: 11……..16°C
Баткен облусунда:
түнкүсүн: 0……5….күндүз: 11……..16°C
Ысык-Көл облусунда:
түнкүсүн: -2…..-7..….күндүз: 0……..5°C
Нарын облусунда:
түнкүсүн: -9……-14…..күндүз: -1.……-6°C
25-февралда Бишкекте түнкүсүн кар аралаш жаан жаап, күндүз күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…….2°C, күндүзү 13………15°C.