Биз менен байланышыңыз

Помпео Иракты АКШ дипломаттарын, жарандарын коргоого милдеттендирди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Фев 2020 | 402 | 0

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео телефон аркылуу жаңыдан бекитилген Ирактын премьер министри Мухаммед Тауфик Алауиге америкалык дипломаттарды, аскер кызматкерлерин жана АКШга тиешелүү объектилерди коргоодогу республиканын милдетин эске салды. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин пресс-кызматынын башчысы Морган Ортэгус алардын сүйлөшүүсүн жазып алган билдирүүсүндө айтылат.

Мамлекеттик катчы Алаунин Ирактын демократиялык системасын бекемдөө үчүн мөөнөтсүз шайлоо өткөрүү тууралуу оюн кубаттады. Ошондой эле жаңы премьер-министрди Майк Помпео күрд жана суннийлердин саясий лидерлерин мамилесин ирээтке келтирүүгө үндөдү. Америка дипломатиясынын жетекчиси АКШ күчтүү, эгемендүү жана өнүккөн Иракты көрүүгө тилектештиги бар экендигин билдирген.

Эскерте кетсек, бир канча айга уланып, өлкөнү ички саясий кризиске кептеген өкмөткө каршы акциялар 1-февралда өлкө президенти Бархам Саламды шиит парламентарийлери сунуштаган мурдагы коммуникация министри Алауни премьерлик кызматка коюуга жана өкмөттү түзүү үчүн кол коюуга мажбур кылган. Азырынча бул процесс толугу менен акырына чыга элек. Министрлер кабинетинин жетекчисинин милдетин ноябрда кызматтан кетүүгө арыз жазган мурунку премьер Адель Абдель Махди улантып жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM