Биз менен байланышыңыз

Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары УКМКга чогулушту

Кыска кабар | 21 Фев 2020 | 839 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) имаратынын жанына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин колдоочулары чогулду. Чогулгандардын катарында Жогорку Кеңештин депутаттары  Анвар Артыков жана Асель Кодуранова бар.

Алар мурдагы президенттин ден соолугу тууралуу айтылган маалыматтардын чын-төгүнүн билүү максатында Атамбаев менен жолугушууну талап кылышты.

УКМКнын камагында жаткан Атамбаевдин ден соолугу кескин начарлаганы тууралуу  анын балдары менен жактоочусу айтып чыгышкан болчу. Өз кезегинде УКМК мурдагы президенттин ден соолугунун абалы туруктуу, ал дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтууда.

Буга чейин Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун жана Акыйкатчы институтунун кызматкерлери УКМКга киришип, Атамбаевдин абалынан кабар алышкан. Алар мурунку президенттин кан басымы төмөн болуп жатканын тастыкташкан.

Copyright © 2017 Maral FM