Биз менен байланышыңыз

ТҮРКСОЙ Кожогелди Култегиндин 60 жылдык юбилейин белгилеп, алтын саат белек кылды

Кыска кабар | 20 Фев 2020 | 751 | 0

ТҮРКСОЙ уюму Кыргыз эл акыны, Кыргызстандын аталган уюмдагы өкүлү Кожогелди Култегиндин 60 жылдык юбилейин эл аралык деңгээлде өткөрдү. Юбилейдин урматына эл аралык уюм Кожогелди Култегинге алтын саат белек кылды. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы кабарлаганын Түркиядагы элчиликтен билдирди.

Аземде элчи Кубанычбек Өмүралиев президент Сооронбай Жээнбековдун куттуктоосун окуду.

Өз кезегинде ТҮРКСОЙ уюмунун башкы катчысы Дуйсен Касеинов акын Кожогелди Култегин Кыргызстандын эле эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн адабияты жана илимий чөйрөсүн өнүктүрүүгө салым кошконун белгиледи.

60 жашка толгонунун урматына уюмдун атынан алтын саат белек кылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM